431-статья. Товардын ассортименти жөнүндөгү келишимдин шарттарын бузуунун кесепеттери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 23-Глава
1. Сатуучу соода-сатык келишиминде каралган товарларды келишимге ылайык келбеген ассортиментте берсе, сатып алуучу аларды кабыл алуудан жана акы төлөөдөн баш тартууга, ал эми аларга акы төлөнгөн учурда төлөнгөн акча суммасын кайра кайтарууну талап кылууга укуктуу.
2. Эгерде сатуучу сатып алуучуга соода-сатык келишимине ылайык келген ассортименттеги товарлар менен катар, ассортимент жөнүндөгү шарттарды бузган товарларды берсе, сатып алуучу төмөнкүлөрдү тандап алууга укуктуу:
ассортимент жөнүндө шартка ылайык келген товарларды кабыл алууга жана калган товарлардан баш тартууга; берилген бардык товарлардан баш тартууга; ассортимент жөнүндө шартка ылайык келбеген товарлар келишимде каралган ассортименттеги товарлар менен алмаштырылышын талап кылууга; берилген бардык товарларды кабыл алууга.
3. Ассортименти соода-сатык келишиминин шарттарына ылайык келбеген товарлардан баш тартылганда же ассортимент жөнүндө шартка ылайык келбеген товарларды алмаштыруу жөнүндө талап коюлганда, сатып алуучу ошондой эле ушул товарларга акы төлөөдөн баш тартууга, ал эми аларга акы төлөнгөн учурда төлөнгөн акча суммасын кайра кайтарууну талап кылууга укуктуу.
4. Эгерде сатып алуучу соода-сатык келишиминин ассортимент жөнүндө шартына ылайык келбеген товарларды алгандан кийин өзү товардан баш тарткандыгы жөнүндө сатуучуга ылайыктуу мөөнөттө билдирбесе, алар кабыл алынды деп эсептелет.
5. Эгерде сатып алуучу ассортименти соода-сатык келишимине ылайык келбеген товарлардан баш тартпаса, ал ушуларга сатуучу менен макулдашылган баа боюнча акы төлөйт. Сатуучу ыңгайы келген мөөнөттө бааны макулдашуу боюнча зарыл чара көрбөсө, сатып алуучу келишим түзүлгөн учурда салыштырмалуу кырдаалдарда ушундай товарлар үчүн демейде алынган баа боюнча товарларга акы төлөйт.
6. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, ушул статьянын эрежелери колдонулат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
431-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-431" title="431-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>