# 430-статья. Товардын ассортименти

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-430>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-430.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 430-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-430

---

1. Эгерде соода-сатык келишими боюнча түрү, модели, өлчөмү, түсү же башка белгилери (ассортименти) боюнча белгилүү катыштыктагы товарлар берилүүгө тийиш болсо, сатуучу сатып алуучуга тараптар макулдашкан ассортименттеги товарларды берүүгө тийиш.

2. Эгерде соода-сатык келишиминде ассортимент аныкталбаса жана келишимде аны аныктоо тартиби белгиленбесе, бирок милдеттенменин маңызынан сатып алуучуга товарлар ассортиментте берилүүгө тийиш экендиги келип чыкса, сатуучу келишим түзүлгөн учурда сатуучуга белгилүү болгон сатып алуучунун керектөөлөрүнө таянуу менен ассортименттеги товарларды сатып алуучуга берүүгө же келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [429-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-429)  
Кийинки берене: [431-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-431)
