# 429-статья. Товардын саны жөнүндө келишимдин шарттарын бузуунун кесепети

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-429>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-429.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 429-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-429

---

1. Эгерде сатуучу соода-сатык келишиминин шарттарын бузуу менен сатып алуучуга келишимде аныкталгандагыдан аз сандагы товарды берсе, эгерде келишимде башкача каралбаса, сатып алуучу жетпеген сандагы товарды талап кылууга, же берилген товардан жана ага акы төлөөдөн баш тартууга, ал эми товарга акы төлөнгөн болсо, төлөнгөн акча суммасын кайра кайтарууну талап кылууга укуктуу.

2. Эгерде сатуучу сатып алуучуга соода-сатык келишиминде көрсөтүлгөндөн ашык сандагы товарды берсе, сатып алуучу ушул Кодекстин 446-статьясынын 1-пунктунда каралган тартипте ушул жөнүндө сатуучуга кабарлоого милдеттүү. Эгерде келишимде башкача каралбаса, сатуучу сатып алуучунун билдирүүсүн алгандан кийин шарты келген мөөнөттө товардын тиешелүү бөлүгүн тескебесе, сатып алуучу бүт товарды кабыл алууга укуктуу.

3. Сатып алуучу соода-сатык келишиминде көрсөтүлгөндөн ашык сандагы товарды кабыл алган учурда (ушул статьянын 2-пункту), эгерде тараптардын макулдашуусунда башка баа белгиленбесе, кошумча кабыл алынган товар келишимге ылайык кабыл алынган товар үчүн аныкталган баа боюнча төлөнөт.

---

Мурунку берене: [428-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-428)  
Кийинки берене: [430-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-430)
