# 427-статья. Товарга тиешелүү нерселерди жана документтерди берүү милдетин аткарбай коюунун кесепеттери

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-427>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-427.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 427-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-427

---

Эгерде сатуучу мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыларга же соода-сатык келишимине (418-статьянын 2-пункту) ылайык берүүгө тийиш болгон товарга тиешелүү нерселерди же документтерди сатып алуучуга бербесе же берүүдөн баш тартса, сатып алуучу алардын берилишинин ыңгайлуу мөөнөтүн дайындоого укуктуу. Эгерде келишимде башкача каралбаса, сатуучу товарга тиешелүү нерселерди же документтерди көрсөтүлгөн мөөнөттө бербеген учурда сатып алуучу товардан жана акы төлөөдөн баш тартууга, ал эми аларга акы төлөнүп калган учурда төлөнгөн акча суммасы кайра кайтарылышын талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [426-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-426)  
Кийинки берене: [428-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-428)
