427-статья. Товарга тиешелүү нерселерди жана документтерди берүү милдетин аткарбай коюунун кесепеттери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 23-Глава
Эгерде сатуучу мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыларга же соода-сатык келишимине (418-статьянын 2-пункту) ылайык берүүгө тийиш болгон товарга тиешелүү нерселерди же документтерди сатып алуучуга бербесе же берүүдөн баш тартса, сатып алуучу алардын берилишинин ыңгайлуу мөөнөтүн дайындоого укуктуу. Эгерде келишимде башкача каралбаса, сатуучу товарга тиешелүү нерселерди же документтерди көрсөтүлгөн мөөнөттө бербеген учурда сатып алуучу товардан жана акы төлөөдөн баш тартууга, ал эми аларга акы төлөнүп калган учурда төлөнгөн акча суммасы кайра кайтарылышын талап кылууга укуктуу.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
427-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-427" title="427-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>