# 422-статья. Товардын капыстан жок болуу тобокелинин башкача өтүшү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-422>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-422.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 422-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-422

---

1. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, товардын капысынан жок болушунун же капысынан бузулушунун тобокели мыйзамга же келишимге ылайык сатуучу сатып алуучуга товарды берүү боюнча өз милдетин аткарды деп эсептелген учурдан тартып, сатып алуучуга өтөт.

2. Эгерде соода-сатык келишиминде же иштиктүү карым-катнаштын каада-салтында башкача каралбаса, берилген товардын жолдо келатканда капысынан жок болушунун же капысынан бузулушунун тобокели мындай келишим түзүлгөн учурдан тартып сатып алуучуга өтөт.

3. Эгерде келишим түзүлгөн учурда сатуучу товар жок болгондугун же бузулгандыгын билсе же билүүгө тийиш болсо жана ушул жөнүндө сатып алуучуга кабарлабаса, товар алгачкы ташуучуга берилген учурдан тартып товардын капысынан жок болушунун же капысынан бузулушунун тобокели сатып алуучуга өтө тургандыгы жөнүндө келишим шарты сатып алуучунун талабы боюнча сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [421-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-421)  
Кийинки берене: [423-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-423)
