# 421-статья. Сатылган мүлктү сактоо боюнча сатуучунун милдети

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-421>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-421.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 421-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-421

---

1. Менчиктөө укугу (чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугу) мүлктү берүүдөн мурда сатып алуучуга өткөн учурда, сатуучу мүлктү бергенге чейин анын начарлашына жол бербестен мүлктү сактоого тийиш.

2. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, сатып алуучу сатуучунун ушулар үчүн зарыл болгон сарптоолорунун ордун толтурууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [420-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-420)  
Кийинки берене: [422-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-422)
