# 420-статья. Сатуучунун товарды өткөрүп берүүгө милдеттерди аткаруу учуру

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-420>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-420.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 420-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-420

---

1. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, сатып алуучуга товарды берүү боюнча сатуучунун милдеттери төмөнкүдөй учурда:

эгерде келишимде товарды жеткирүү боюнча сатуучунун милдети каралса, сатып алуучуга же ал көрсөткөн жакка товар тапшырылганда; эгерде сатып алуучуга же ал көрсөткөн жакка товар өзү турган жеринде берилүүгө тийиш болсо, товар сатып алуучунун карамагына өткөрүлгөндө аткарылды деп эсептелет. Келишимде каралган мөөнөткө чейин товар тиешелүү жерде өткөрүп берүүгө даяр болгондо жана сатып алуучу келишимдин шарттарына ылайык товар өткөрүп берүүгө даяр экендиги жөнүндө билсе, ал сатып алуучунун карамагына берилди деп эсептелет. Эгерде товар марка коюу жолу менен же башкача түрдө келишимдин максатына шайкеш келтирилбесе, ал берүүгө даяр эмес деп табылат.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, соода-сатык келишиминен сатып алуучуга товарды жеткирүү же товарды ал турган жеринде өткөрүп берүү боюнча сатуучунун милдети келип чыкпаган учурда, сатып алуучуга товарды берүү боюнча сатуучунун милдети сатып алуучуга жеткирүү үчүн товарды ташуучуга же байланыш уюмуна тапшырылган учурда аткарылды деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [419-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-419)  
Кийинки берене: [421-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-421)
