# 419-статья. Товарды өткөрүп берүү милдеттерин аткаруу мөөнөтү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-419>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-419.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 419-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-419

---

1. Сатуучунун сатып алуучуга товарды өткөрүп берүү милдетинин аткарылышынын мөөнөтү соода-сатык келишими менен аныкталат, эгерде келишим ушул мөөнөттү аныктоого мүмкүндүк бербесе, анда мөөнөт ушул Кодекстин 305-статьясында каралган эрежелерге ылайык аныкталат.

2. Эгерде келишимде анын аткарылышынын мөөнөтү бузулганда сатып алуучунун келишимге карата кызыкчылыгын жогото тургандыгы ачык көрүнүп турса, соода-сатык келишими аны так белгиленген мөөнөткө чейин аткаруу шарты менен түзүлдү деп табылат.

Мындай келишимде аныкталган мөөнөт жеткенге чейин же андан кийин жана сатып алуучу келишимди аткаруудан баш тартпаган учурда сатуучу ал келишимди аткарууга укуксуз.

---

Мурунку берене: [418-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-418)  
Кийинки берене: [420-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-420)
