# 415-статья. Соода-сатык келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-415>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-415.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 415-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-415

---

1. Соода-сатык келишими боюнча тараптардын бири (сатуучу) товарды башка тараптын (сатып алуучунун) менчигине берүүгө милдеттенет, ал эми сатып алуучу ушул товарды кабыл алууга жана ал үчүн белгилүү акча суммасын (баасын) төлөөгө милдеттенет.

2. Эгерде мыйзамда баалуу кагаздарга жана валюта байлыктарына карата соода-сатыктын атайын эрежелери белгиленбесе, аларды сатууга ушул параграфта каралган жоболор колдонулат.

3. Ушул Кодексте же башка мыйзамдарда каралган учурларда, товарлардын айрым түрлөрүн сатып алуунун жана сатуунун өзгөчөлүктөрү мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.

4. Эгерде мүлк укуктарынын мазмунунан же ушул укуктардын мүнөзүнөн башка эч нерсе келип чыкпаса, ал укуктарды сатууга карата ушул параграфта каралган жоболор колдонулат.

5. Эгерде ушул Кодекстин эрежелеринде соода-сатык келишиминин айрым түрлөрү (чекене соода-сатык, товар тапшыруу, энергия менен жабдуу, ишкананы сатуу) жөнүндө башка эч нерсе каралбаса, келишимдин ушул түрлөрүнө карата ушул параграфта каралган жоболор колдонулат.

---

Кийинки берене: [416-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-416)
