# 1207-статья. Керээз түзүүгө жана жокко чыгарууга карата жөндөмдүүлүгү, ошондой эле керээздин жана аны жокко чыгаруунун түрү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 65-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1207>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1207.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1207-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1207

---

Адамдын керээзди түзүүгө жана жокко чыгарууга карата жөндөмдүүлүгү, ошондой эле керээздин жана аны жокко чыгаруунун түрү, эгерде мурас калтыруучу тарабынан керээзде ал гражданы болгон өлкөнүн укугу тандалып алынбаса, мурас калтыруучу акыркы жашаган өлкөнүн укугу боюнча аныкталат. Бирок керээз же аны жокко чыгаруу, эгерде анын түрү ал түзүлгөн жердин укугунун талаптарына же Кыргыз Республикасынын талаптарына жооп берсе, анын түрүн сактабоонун натыйжасында жараксыз деп табылышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [1206-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1206)  
Кийинки берене: [1208-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1208)
