# 1205-статья. Негизсиз баюу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 65-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1205-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1205

---

1. Негизсиз баюудан улам келип чыккан милдеттенмелерге карата ал байыган жердеги өлкөнүн укугу колдонулат.

2. Эгерде негизсиз баюу мүлк сатып алынган же чогултулган негиздин жок болгондугунун натыйжасында пайда болсо, колдонулган укук бул негиз тиешелүү болгон мамлекеттин укугу боюнча аныкталат. Негизсиз баюу түшүнүгү Кыргыз Республикасынын укугу боюнча аныкталат.

7-§. Мурастоо укугу

---

Мурунку берене: [1204-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1204)  
Кийинки берене: [1206-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1206)
