# 1204-статья. Керектөөчүгө келтирилген залал үчүн жоопкерчилик

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 65-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1204>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1204.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1204-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1204

---

Товар сатып алууга, иш аткарууга же кызмат көрсөтүүгө байланыштуу керектөөчүдө пайда болгон залалдын ордун толтуруу жөнүндөгү талапка карата, керектөөчүнүн тандоосу боюнча:

1) керектөөчү жашаган жердеги өлкөнүн укугу;

2) өндүрүүчүнүн же иш аткарган, кызмат көрсөткөн адам жашаган же турган жердеги өлкөнүн укугу;

3) керектөөчү товар сатып алган, иштин натыйжасын кабыл алган же ага кызмат көрсөтүлгөн өлкөнүн укугу колдонулат.

---

Мурунку берене: [1203-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1203)  
Кийинки берене: [1205-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1205)
