# 1203-статья. Келтирилген зыяндан улам келип чыккан милдеттенмелер

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 65-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1203>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1203.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1203-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1203

---

1. Келтирилген зыяндардан улам келип чыккан укуктар жана милдеттенмелер, зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптар үчүн негиз болгон аракет же башка жагдай жасалган өлкөнүн укугу боюнча аныкталат.

2. Эгерде тараптар бир эле мамлекеттин граждандары же юридикалык жактары болушса, чет өлкөдө зыян келтирүүдөн улам келип чыккан милдеттенмелер боюнча укуктар жана милдеттер ошол мамлекеттин укугу боюнча аныкталат.

3. Эгерде зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талап үчүн негиз болгон аракет же башка жагдай Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча укукка каршы келбесе, чет өлкөлүк укук колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [1202-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1202)  
Кийинки берене: [1204-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1204)
