1203-статья. Келтирилген зыяндан улам келип чыккан милдеттенмелер
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 65-Глава
1. Келтирилген зыяндардан улам келип чыккан укуктар жана милдеттенмелер, зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптар үчүн негиз болгон аракет же башка жагдай жасалган өлкөнүн укугу боюнча аныкталат.
2. Эгерде тараптар бир эле мамлекеттин граждандары же юридикалык жактары болушса, чет өлкөдө зыян келтирүүдөн улам келип чыккан милдеттенмелер боюнча укуктар жана милдеттер ошол мамлекеттин укугу боюнча аныкталат.
3. Эгерде зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талап үчүн негиз болгон аракет же башка жагдай Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча укукка каршы келбесе, чет өлкөлүк укук колдонулбайт.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1203-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-1203" title="1203-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>