# 1201-статья. Колдонулган укуктун аракет чөйрөсү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 65-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1201>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1201.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1201-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1201

---

1. Келишимге карата колдонулган укук ушул параграфтын жоболорунун күчү аркасында төмөндөгүлөрдү, атап айтканда:

1) келишимди чечмелөөнү;

2) тараптардын укуктарын жана милдеттерин;

3) келишимдин аткарылышын;

4) келишимди аткарбоону же талаптагыдай аткарбоонун натыйжаларын;

5) келишимди токтотууну;

6) келишимдин арзыбастыгынын же жараксыздыгынын натыйжаларын;

7) келишимге байланыштуу талаптарга макул болууну жана карыздын өтүшүн камтыйт.

2. Аткаруунун ыкмаларына жана иш ыраатына, ошондой эле талаптагыдай эмес аткарылган учурда көрүлүүгө тийиш болгон чаралар жагында колдонулган укуктан тышкары, аткаруу ишке ашырылып жаткан өлкөнүн укугу да эске алынат.

6-§. Келишимден тышкары милдеттенмелер

---

Мурунку берене: [1200-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1200)  
Кийинки берене: [1202-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1202)
