1199-статья. Тараптардын макулдашуусу жок болгондо келишимге карата колдонулуучу укук
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 65-Глава
1. Келишимдин талаптарынын бул келишимге карата колдонулуучу тиешелүү укук жөнүндө макулдашуусу жок болгондо:
1) соода-сатык келишиминде - сатуучу;
2) белекке берүү келишиминде - белекке берүүчү;
3) ижара келишиминде (мүлктү жалдоодо) - ижарага берүүчү же жалдоого берүүчү;
4) мүлктү акысыз пайдалануу келишиминде - ссуда берүүчү;
5) подряд келишиминде - подрядчы;
6) ташуу келишиминде - ташып келүүчү;
7) транспорттук экспедиция келишимде - экспедитор;
8) заем келишиминде же башка кредит келишиминде - кредит берүүчү;
9) кепилчилик келишиминде - ишенимдүү адам;
10) комиссиялык келишимде - комиссионер;
11) сактоо келишиминде - сактоочу;
12) камсыздандыруу келишиминде - камсыздандыруучу;
13) кепилчилик келишиминде - кепилчи;
14) күрөө келишиминде - күрөөгө берүүчү;
15) өзгөчө укуктарды пайдалануу жөнүндө лицензиялык келишимде лицензияр болуп эсептелген тарап түзүлгөн, турган же негизги ишин жүргүзгөн жердеги өлкөнүн укугу колдонулат.
2. Тараптардын укукту ылайыктуу колдонуу жөнүндө келишими жок болгондо, ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн жоболоруна карабастан:
1) кыймылсыз мүлк жөнүндө келишимге карата - бул мүлк турган жердеги өлкөнүн укугу;
2) биргелешкен иш жана курулуш подряды жөнүндө келишимге карата ушундай иш жүзөгө ашырылып жаткан же келишимде каралган натыйжалар түзүлүп жаткан жердеги өлкөнүн укугу;
3) аукциондо, конкурс боюнча же биржада түзүлгөн келишимге каратааукцион, конкурс өткөрүлгөн же биржа турган жердеги өлкөнүн укугу колдонулат.
3. Укуктуу ылайыктуу колдонуу жөнүндө тараптардын макулдашуусу жок болгондо ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө саналып өтпөгөн келишимдерге карата мындай келишимдин мазмуну үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон аткарууну жүзөгө ашырып жаткан тарап түзүлгөн, турган же негизги ишин жүргүзгөн жердеги өлкөнүн укугу колдонулат. Келишимдин мазмуну үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон аткарууну аныктоо мүмкүн болбогондо, келишим кыйла тыгыз байланышта болгон өлкөнүн укугу колдонулат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1199-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-1199" title="1199-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>