# 1197-статья. Буюм укуктарын коргоо

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 65-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1197>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1197.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1197-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1197

---

1. Менчик укугун жана башка буюм укуктарын коргоого карата арыз берүүчүнүн тандап алуусу боюнча мүлк турган жердеги же сот турган жердеги өлкөнүн укугу колдонулат.

2. Кыймылсыз мүлккө болгон менчик укугун жана башка буюм укуктарын коргоого карата бул мүлк турган жердеги өлкөнүн укугу колдонулат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик реестрине киргизилген мүлккө карата Кыргыз Республикасынын укугу колдонулат.

5-§. Келишимдик милдеттенмелер

---

Мурунку берене: [1196-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1196)  
Кийинки берене: [1198-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1198)
