# 1194-статья. Уюм укуктарынын пайда болушу жана токтотулушу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 65-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1194>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1194.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1194-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1194

---

1. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, мүлккө болгон буюм укуктарынын пайда болушу жана токтотулушу буюм укуктарынын пайда болушуна же болбосо токтотулушуна кызмат кылган аракет же башка жагдай болгон учурда мүлк турган жердеги өлкөнүн укугу боюнча аныкталат.

2. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, бүтүмдүн заты болуп эсептелген мүлккө болгон буюм укуктарынын келип чыгышы жана токтотулушу бул бүтүм жасалган жердеги өлкөнүн укугу боюнча аныкталат.

3. Мүлктүн сатылып алынышынын эскиришинин натыйжасында ага болгон менчик укугунун пайда болушу, мүлктүн сатып алуу мөөнөтү эскирген учурда ал мүлк турган жердеги өлкөнүн укугу боюнча аныкталат.

---

Мурунку берене: [1193-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1193)  
Кийинки берене: [1195-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1195)
