1194-статья. Уюм укуктарынын пайда болушу жана токтотулушу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 65-Глава
1. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, мүлккө болгон буюм укуктарынын пайда болушу жана токтотулушу буюм укуктарынын пайда болушуна же болбосо токтотулушуна кызмат кылган аракет же башка жагдай болгон учурда мүлк турган жердеги өлкөнүн укугу боюнча аныкталат.
2. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, бүтүмдүн заты болуп эсептелген мүлккө болгон буюм укуктарынын келип чыгышы жана токтотулушу бул бүтүм жасалган жердеги өлкөнүн укугу боюнча аныкталат.
3. Мүлктүн сатылып алынышынын эскиришинин натыйжасында ага болгон менчик укугунун пайда болушу, мүлктүн сатып алуу мөөнөтү эскирген учурда ал мүлк турган жердеги өлкөнүн укугу боюнча аныкталат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1194-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-1194" title="1194-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>