# 1190-статья. Бүтүмдүн түрү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 65-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1190>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1190.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1190-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1190

---

1. Бүтүмдүн түрү ал жасалган жердеги укукка ылайык келүүгө тийиш. Бирок, эгерде Кыргыз Республикасынын укуктарынын талаптары сакталбаса, чет өлкөдө түзүлгөн бүтүм анын түрүнүн сакталбашынын натыйжасында жарактуу эмес деп табылышы мүмкүн эмес.

2. Катышуучуларынын бири эле Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы же гражданы болуп эсептелген тышкы экономикалык бүтүм, анын түзүлгөн жерине карабастан кат жүзүндө түзүлөт.

3. Кыймылсыз мүлккө карата бүтүмдүн түрү бул мүлк турган жердеги өлкөнүн укугуна, ал эми Кыргыз Республикасынын мамлекеттик реестрине киргизилген кыймылсыз мүлккө карата бүтүмдүн түрү Кыргыз Республикасынын укугуна баш иет.

---

Мурунку берене: [1189-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1189)  
Кийинки берене: [1191-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1191)
