# 1183-статья. Камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 55-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112297)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281644..1281645>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1183>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1183.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1183-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1183

---

1. Балдарды, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген адамдарды камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу сот турган өлкөнүн укугу боюнча белгиленет жана жокко чыгарылат.

2. Камкордукка алуучунун (көзөмөлдүк кылуучунун) камкордукка алууну (көзөмөлдүк кылууну) кабыл алуу жөнүндө милдеттенмеси камкордукка алуучу (көзөмөлдүк кылуучу) адамдын жеке мыйзамы боюнча аныкталат.

3. Камкордукка алуучу (көзөмөлдүк кылуучу) менен камкордукка алынган (көзөмөлдүк кылынган) адамдын ортосундагы укуктук мамилелер камкордукка алуучуну (көзөмөлдүк кылуучуну) даярдаган мекеме турган өлкөнүн укугу боюнча аныкталат. Бирок, эгерде камкордукка алынган (көзөмөлдүк кылынган) адам Кыргыз Республикасында жашаса, эгерде бул жер ал адам үчүн кыйла ыңгайлуу болсо, Кыргыз Республикасынын укугу колдонулат.

4. Эгерде камкордукка алууга (көзөмөлдүк кылууга) каршы, аны таанууга каршы Кыргыз Республикасынын тиешелүү консулдук мекемесинин мыйзамга негизделген каршы пикирлери жок болсо, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жашаган Кыргыз Республикасынын граждандарына белгиленген камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу жарактуу деп табылат.

(КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32, 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1082-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1082)  
Кийинки берене: [1084-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1084)
