Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1182-статья. Граждандык абал актыларын күбөлөндүрүү катарында чет мамлекеттик органдар тарабынан берилген документтерди таануу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 65-Глава
Кыргыз Республикасынын граждандарына, чет өлкөлүк граждандарга жана граждандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде тиешелүү мамлекеттердин мыйзамдары боюнча граждандык абал актыларын күбөлөндүрүү үчүн чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документтер легализациялоо болгондо Кыргыз Республикасында туура деп табылат.
1183-статья. Камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу
1. Жашы жете электерди, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген адамдарды камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу сот турган өлкөнүн укугу боюнча белгиленет жана жокко чыгарылат.
2. Камкордукка алуучунун (көзөмөлдүк кылуучунун) камкордукка алууну (көзөмөлдүк кылууну) кабыл алуу жөнүндө милдеттенмеси камкордукка алуучу (көзөмөлдүк кылуучу) адамдын жеке мыйзамы боюнча аныкталат.
3. Камкордукка алуучу (көзөмөлдүк кылуучу) менен камкордукка алынган (көзөмөлдүк кылынган) адамдын ортосундагы укуктук мамилелер камкордукка алуучуну (көзөмөлдүк кылуучуну) даярдаган мекеме турган өлкөнүн укугу боюнча аныкталат. Бирок, эгерде камкордукка алынган (көзөмөлдүк кылынган) адам Кыргыз Республикасында жашаса, эгерде бул жер ал адам үчүн кыйла ыңгайлуу болсо, Кыргыз Республикасынын укугу колдонулат.
4. Эгерде камкордукка алууга (көзөмөлдүк кылууга) каршы, аны таанууга каршы Кыргыз Республикасынын тиешелүү консулдук мекемесинин мыйзамга негизделген каршы пикирлери жок болсо, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жашаган Кыргыз Республикасынын граждандарына белгиленген камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу жарактуу деп табылат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-1182" title="1182-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>