# 1178-статья. Жеке адамдын укукка жөндөмдүүлүгү жана аракетке жөндөмдүүлүгү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 65-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1178>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1178.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1178-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1178

---

1. Жеке адамдын укукка жөндөмдүүлүгү жана аракетке жөндөмдүүлүгү анын жеке мыйзамы менен аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же эл аралык келишимдер белгиленгенден башка учурларда, чет өлкөлүк граждандар жана граждандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын граждандары менен бирдей эле укукка жөндөмдүү болушат.

3. Зыян келтирүүнүн натыйжасында келип чыккан жеке адамдын бүтүмдөр жана милдеттенмелер жагындагы граждандык аракетке жөндөмдүүлүгү бүтүм жасалган же зыян келтирүүдөн келип чыккан милдеттенмелер пайда болгон өлкөнүн укугу боюнча аныкталат.

4. Жеке адамдын жеке ээлик кылууга жөндөмдүүлүгү жана ушуга байланыштуу укуктарга жана милдеттерге ээ болушу бул жеке адам жеке ээлик кылуучу катарында катталган өлкөнүн укугу боюнча аныкталат. Каттаган өлкө жок болгон учурда жеке ээлик кылуу ишин жүзөгө ашыруунун негизги жери болгон өлкөнүн укугу колдонулат.

5. Жеке адамды аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануу сот турган өлкөнүн укугу боюнча ишке ашырылат.

---

Мурунку берене: [1177-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1177)  
Кийинки берене: [1179-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1179)
