# 1177-статья. Жеке адамдын жеке мыйзамы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 65-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1177>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1177.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1177-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1177

---

1. Адам гражданы болуп эсептелген өлкөнүн укугу жеке адамдын жеке мыйзамы болуп саналат. Адамдын эки же андан ашык граждандыгы болгондо ал адам кыйла тыгыз байланышта болгон өлкөнүн укугу анын жеке мыйзамы катары эсептелет.

2. Граждандыгы жок адамдардын жеке мыйзамы бул адамдар туруктуу жашаган өлкөнүн укугу болуп эсептелет.

3. Качкын адамдын жеке мыйзамы ага баш калкалоо берген өлкөнүн укугу болуп эсептелет.

---

Мурунку берене: [1176-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1176)  
Кийинки берене: [1178-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1178)
