# 1174-статья. Императивдик нормаларды колдонуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 64-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1174>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1174.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1174-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1174

---

1. Ушул бөлүмдүн эрежелери укукту ылайыктуу колдонууга карабастан тиешелүү мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын укуктарынын императивдик нормаларынын колдонулушуна тиешеси болбойт.

2. Эгерде бул өлкөнүн укугуна ылайык мындай нормалар укукту ылайык колдонууга карабастан тиешелүү мамилелерди жөнгө салууга тийиш болсо, ушул бөлүмдүн эрежелерине ылайык кандайдыр-бир өлкөнүн укугун колдонууда сот башка өлкөнүн укуктарынын мамилеге тыгыз байланышы бар императивдик нормаларын колдоно алат. Мында сот ушундай нормалардын багытын жана мүнөзүн, ошондой эле аларды колдонуунун натыйжаларын эске алууга тийиш.

---

Мурунку берене: [1173-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1173)  
Кийинки берене: [1175-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1175)
