# 1172-статья. Өз ара колдонуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 64-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1172>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1172.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1172-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1172

---

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өз ара колдонуу башталыштарында чет өлкөлүк укукту колдонуу каралгандан башка учурларда, сот же башка мамлекеттик орган чет өлкөлүк укукту Кыргыз Республикасынын укугу тиешелүү чет мамлекетте ушул сыяктуу мамилелерге карата колдонулгандыгына же колдонулбагандыгына карабастан колдонот.

2. Эгерде чет өлкөлүк укукту колдонуу өз ара колдонууга жараша болсо, башкача далилденбегендиктен, ал колдонулушу мүмкүн деп болжолдонот.

---

Мурунку берене: [1171-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1171)  
Кийинки берене: [1173-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1173)
