# 1170-статья. Үчүнчү өлкөнүн укугуна карата кайра шилтеме жасоо

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 64-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1170>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1170.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1170-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1170

---

1. Ушул бөлүмдүн эрежелерине ылайык ушул статьяда каралгандан башка учурларда, чет өлкөлүк укукка карата ар кандай шилтеме жасоо тиешелүү өлкөнүн коллизиялык укугуна шилтеме жасоо катары эмес, анын материалдык укугуна шилтеме жасоо катары каралууга тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын укугуна карата кайра шилтеме жасоо жана үчүнчү өлкөнүн укугуна шилтеме жасоо ушул Кодекстин 1177-статьясына, 1178-статьясынын 1, 3, 5-пункттарына, 1180 жана 1183-статьяларына ылайык чет өлкөлүк укук кодонулган учурларда кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [1169-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1169)  
Кийинки берене: [1171-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1171)
