# 1169-статья. Чет өлкөлүк укуктун нормаларынын мазмунун белгилөө

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 64-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1169>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1169.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1169-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1169

---

1. Чет өлкөлүк укукту колдонууда сот же башка мамлекеттик орган анын нормаларынын мазмунунун тиешелүү чет мамлекетте расмий түшүндүрүлүшүнө, практикада колдонулушуна жана доктринасына ылайык белгилейт.

2. Чет өлкөлүк укуктун нормаларынын мазмунун аныктоо максатында сот же башка мамлекеттик орган белгиленген тартипте көмөк көрсөтүү жана түшүнүк берүү үчүн Юстиция министрлигине жана башка улуттук компетенттүү органдарга жана мекемелерге, анын ичинде чет өлкөдөгү органдарга жана мекемелерге кайрылышы, же болбосо эксперттерди тартышы мүмкүн.

3. Ишке катышкан адамдар өздөрүнүн талап тарын же каршы пикирлерин негиздөө үчүн өздөрү шилтеме жасап жаткан чет өлкөлүк укуктун нормаларынын мазмунун ырастаган документтерди берүүгө, башка жол менен сотко же мамлекеттик органга бул нормалардын мазмунун аныктоого көмөк көрсөтүүгө укуктуу.

4. Эгерде чет өлкөлүк укуктун нормаларынын мазмуну ушул статьяга ылайык көрүлгөн чараларга карабастан ойдогудай мөөнөттөрдө аныкталбаса, Кыргыз Республикасынын укугу колдонулат.

---

Мурунку берене: [1168-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1168)  
Кийинки берене: [1170-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1170)
