# 1167-статья. Чет өлкөлүк элемент тарабынан татаалдашкан граждандык-укуктук мамилелерге карата колдонулууга тийиш болгон укуктарды аныктоо

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 64-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1167>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1167-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1167

---

1. Чет өлкөлүк граждандар же чет өлкөлүк юридикалык жактар катышкан же болбосо башка чет өлкөлүк элемент менен татаалдашкан граждандык-укуктук мамилелерге карата колдонулууга тийиш болгон укук ушул Кодекстин, башка мыйзамдардын, эл аралык келишимдердин жана таанылуучу эл аралык адаттардын, ошондой эле тараптардын макулдашуусунун негизинде аныкталат.

2. Тараптардын укукту тандап алуу жөнүндө макулдашуусунда чогуу каралып жаткан иштин жагдайлары ачык көрсөтүлүүгө же келишимдин шарттарында түздөн-түз көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Эгерде ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык колдонулууга тийиш болгон укукту аныктоо мүмкүн болбосо, чет өлкөлүк элемент менен татаалдашкан граждандык-укуктук мамилелер менен кыйла тыгыз байланышта болгон укук колдонулат.

4. Чет өлкөлүк укуктун нормаларын колдонуу мындай норма кеңири-укуктук мүнөзгө ээ болгондугунун негизинде гана чектелиши мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [1166-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1166)  
Кийинки берене: [1168-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1168)
