1167-статья. Чет өлкөлүк элемент тарабынан татаалдашкан граждандык-укуктук мамилелерге карата колдонулууга тийиш болгон укуктарды аныктоо
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 64-Глава
1. Чет өлкөлүк граждандар же чет өлкөлүк юридикалык жактар катышкан же болбосо башка чет өлкөлүк элемент менен татаалдашкан граждандык-укуктук мамилелерге карата колдонулууга тийиш болгон укук ушул Кодекстин, башка мыйзамдардын, эл аралык келишимдердин жана таанылуучу эл аралык адаттардын, ошондой эле тараптардын макулдашуусунун негизинде аныкталат.
2. Тараптардын укукту тандап алуу жөнүндө макулдашуусунда чогуу каралып жаткан иштин жагдайлары ачык көрсөтүлүүгө же келишимдин шарттарында түздөн-түз көрсөтүлүүгө тийиш.
3. Эгерде ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык колдонулууга тийиш болгон укукту аныктоо мүмкүн болбосо, чет өлкөлүк элемент менен татаалдашкан граждандык-укуктук мамилелер менен кыйла тыгыз байланышта болгон укук колдонулат.
4. Чет өлкөлүк укуктун нормаларын колдонуу мындай норма кеңири-укуктук мүнөзгө ээ болгондугунун негизинде гана чектелиши мүмкүн эмес.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1167-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-1167" title="1167-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>