# 1166-статья. Ээсиз-ээликсиз мүлк

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 63-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2013 года № 186 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203996)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281629..1281630>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1166-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1166

---

1. Эгерде мыйзам боюнча да, керээз боюнча да мураскорлор жок болсо же мураскорлордун ичинен бирөө да мурастоо укугуна ээ болбосо, же алардын бардыгы мурастан баш тартса, мурастык мүлк ээсиз-ээликсиз деп табылат.

2. Мурастык мүлк мурас ачылган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин жер-жерлердеги мамлекеттик бийлик органынын же мурас ачылган жер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын арызы боюнча соттун чечиминин негизинде ээсиз-ээликсиз деп табылат.

Эгерде мурасты коргоого жана аларды башкарууга байланышкан чыгымдар анын наркынан ашып түшсө, мурастык мүлк көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнчө ээсиз-ээликсиз деп табылышы мүмкүн.

3. Ээсиз-ээликсиз мүлк тийиштүү мүлк турган жер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын менчигине өтөт, ал эми ал мүлктөн баш тарткан учурда, мамлекеттин менчигине өтөт.

4. Ээсиз-ээликсиз мүлктү коргоо жана аны башкаруу ушул Кодекстин 1138-статьясына ылайык жүзөгө ашырылат.

5. Мураскорлор тарабынан талап кылынбаган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтоолордун каражаттары ээсиз-ээликсиз деп таанылышы мүмкүн эмес. Пенсиялык топтоолордун көрсөтүлгөн каражаттарына «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-статьясында каралган аракеттер колдонулат.

(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 186 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1165-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1165)  
Кийинки берене: [1167-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1167)
