# 1164-статья. Мурастын эсебинен төлөнүүчү чыгымдар

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 63-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1164>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1164.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1164-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1164

---

Мураскорлор ортосунда мурас бөлүштүрүлгөнгө чейин анын эсебинен мураскордун өлүм алдындагы оорусунан улам келип чыккан зарыл болгон чыгымдардын, мурас калтыруучуну көмүүгө кеткен чыгымдардын, мурасты алууга, аны коргоого, аны башкарууга жана керээзди аткарууга, ошондой эле керээзди аткаруучуга же мурасты башкаруучуга акы төлөөгө байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндөгү талаптар канааттандырылат. Бул талаптар башка талаптарга караганда мүлктүн наркынан, анын ичинде ипотека же башка күрөө менен камсыздандырылгандардын наркынан артыкчылыктуу канааттандырылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [1163-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1163)  
Кийинки берене: [1165-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1165)
