# 1163-статья. Мурастык үлүштөрдү арттыруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 63-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1163>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1163-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1163

---

1. Мураскор мурастан баш тарткан учурларда же ал ушул кодекстин 1153-статьясында көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча чыгып калганда, мүлктүн мындай мураскорго тийиштүү боло турган бир бөлүгү мурастоого чакырылган мыйзам боюнча мураскорлорго өтөт жана алардын ортосунда алардын үлүштөрүнө жараша бөлүштүрүлөт.

2. Эгерде мурас калтыруучу бардык мүлктү өзү дайындаган мураскорлорго керээз калтырса, мурастын мурастан баш тартканга же чыгып калган мураскорго тийиштүү бөлүгү, керээз боюнча калган мураскорлорго өтөт жана керээзде башкача каралбагандыктан алардын ортосунда алардын мурастык үлүштөрүнө жараша бөлүштүрүлөт.

3. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө камтылган эрежелер:

1) эгерде баш тарткан же чыгып калган мураскорго экинчи бир мураскор дайындалса;

2) мураскор белгилүү бир адамдын пайдасына мурастан баш тартса;

3) мыйзам боюнча мурастоодо баш тартуу же мураскордун чыгып калуусу кийинки кезектеги мураскорлорду чакырууга алып келген учурларда колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [1162-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1162)  
Кийинки берене: [1164-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1164)
