# 1162-статья. Мураска кирген мүлккө карата айрым мураскорлордун

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 63-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1162>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1162.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1162-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1162

---

артыкчылыктуу укугу

1. Мурас ачылганга чейин мурас калтыруучу менен чогуу жашаган мураскорлор мурасты бөлүштүрүүдө, мурастын курамынан турак үйдү, батирди же башка турак-жай имаратын, ошондой эле тиричилик буюмдарын жана үй оокаттарын алууга артыкчылыктуу укукка ээ болушат.

2. Мурасты бөлүштүрүүдө мурас калтыруучу менен бирге мүлккө карата жалпы менчик укугуна ээ болгон мураскорлор мүлктүн курамынан жалпы менчикте турган мүлктү натуралай түрүндө алууга артыкчылыктуу укукка ээ болушат.

3. Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн артыкчылыктуу укуктарды жүзөгө ашырууда, бөлүштүрүүгө катышкан башка мураскорлордун мүлктүк кызыкчылыктары сакталууга тийиш. Эгерде бул укуктарды жүзөгө ашыруунун натыйжасында мурасты түзгөн мүлк башка мураскорлорго аларга тийиштүү үлүштөрдү берүү үчүн жетишсиз болсо, артыкчылыктуу укугун жүзөгө ашырган мураскор аларга акчалай же мүлк түрүндөгү тийиштүү компенсациясын берүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [1161-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1161)  
Кийинки берене: [1163-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1163)
