1162-статья. Мураска кирген мүлккө карата айрым мураскорлордун
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 63-Глава
артыкчылыктуу укугу
1. Мурас ачылганга чейин мурас калтыруучу менен чогуу жашаган мураскорлор мурасты бөлүштүрүүдө, мурастын курамынан турак үйдү, батирди же башка турак-жай имаратын, ошондой эле тиричилик буюмдарын жана үй оокаттарын алууга артыкчылыктуу укукка ээ болушат.
2. Мурасты бөлүштүрүүдө мурас калтыруучу менен бирге мүлккө карата жалпы менчик укугуна ээ болгон мураскорлор мүлктүн курамынан жалпы менчикте турган мүлктү натуралай түрүндө алууга артыкчылыктуу укукка ээ болушат.
3. Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн артыкчылыктуу укуктарды жүзөгө ашырууда, бөлүштүрүүгө катышкан башка мураскорлордун мүлктүк кызыкчылыктары сакталууга тийиш. Эгерде бул укуктарды жүзөгө ашыруунун натыйжасында мурасты түзгөн мүлк башка мураскорлорго аларга тийиштүү үлүштөрдү берүү үчүн жетишсиз болсо, артыкчылыктуу укугун жүзөгө ашырган мураскор аларга акчалай же мүлк түрүндөгү тийиштүү компенсациясын берүүгө тийиш.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1162-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-1162" title="1162-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>