# 1160-статья. Жок болгон мураскорлордун укуктары

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 63-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июля 2014 года № 111 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205332)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281631..1281632>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1160>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1160.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1160-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1160

---

1. Эгерде мураскорлор ичинде жашаган жерлери белгисиз болгон адамдар болсо, калган мураскорлор, керээзди аткаруучу (мүлктү башкаруучу) алардын жашаган жерлерин аныктоо жана аларды мурас алууга чакыруу үчүн зарыл чаралар көрүүгө милдеттүү болушат.

2. Эгерде жашаган жери айкындалган, жок болгон мурас алууга чакырылган мураскор ушул Кодекстин 1156-статьясында каралган мөөнөттүн ичинде мурастан баш тартпаса, калган мураскорлор ага өздөрүнүн мурасты бөлүштүрүүнү жүргүзүүнү каалагандыктары жөнүндө кабарлоого милдеттүү болушат. Эгерде мындай кабарлоо учурунан тартып жок болгон мураскор калган мураскорлорго мүлктү бөлүштүрүү тууралу макулдашууга катышууну каалагандыгы жөнүндө билдирбесе, калган мураскорлор жок болгон мураскорго тийиштүү үлүштү бөлүп коюу менен, өз ара макулдаштык боюнча бөлүштүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу.

3. Эгерде мурас ачылган күндөн тартып бир жыл бою жок болгон мураскордун жашаган жери айкындалбаса жана мурастан анын баш тартуусу тууралу маалыматтар болбогондо, калган мураскорлор бөлүштүрүүнү ушул статьянын 2-пунктундагы эрежелер боюнча жүргүзүүгө укуктуу болушат.

4. Бойго бүткөн, бирок төрөлө элек мураскор болгондо мүлктү бөлүү андай мураскор төрөлгөндөн кийин гана бөлүштүрүлүшү мүмкүн.

Эгерде бойго бүткөн, бирок төрөлө элек мураскор аман-эсен төрөлсө, калган мураскорлор ага тийиштүү мурас үлүшүн бөлүп коюу менен гана мурасты бөлүштүрүүгө укуктуу болушат. Жаңы төрөлгөн баланын кызыкчылыктарын коргоо үчүн бөлүштүрүүгө катышууга Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмүнүн өкүлү чакырылууга тийиш. (КР 2014-жылдын 3-июлундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1159-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1159)  
Кийинки берене: [1161-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1161)
