# 1158-статья. Керээздик баш тартууну алуудан баш тартуу укугу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 63-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1158>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1158.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1158-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1158

---

1. Баш тартуу алуучу керээздик баш тартуудан баш тартууга укуктуу. Жарым-жартылай баш тартууга, эскертүүлөр, шарт коюу менен же башка адамдын пайдасына баш тартууга жол берилбейт.

2. Ушул статьяда каралган укук, бир эле убакта мураскор болуп саналган баш тартуу алуучунун мурастан баш тартуу укугуна көз каранды болбойт.

3. Эгерде баш тартуу алуучу ушул статьяда каралган укуктан пайдаланса, керээздик баш тартуу жүктөлгөн мураскор аны аткаруу милдеттеринен бошотулат.

---

Мурунку берене: [1157-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1157)  
Кийинки берене: [1159-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1159)
