# 1157-статья. Мурастан баш тартуу укугуна чек коюу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 63-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1157>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1157.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1157-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1157

---

1. Эгер мураскор мурастоого керээз боюнча да, мыйзам боюнча да чакырылса, ал бул негиздердин бири боюнча же экөө тең боюнча ага тийиштүү мурастан баш тартууга укуктуу.

2. Мураскор мурастын калган бөлүгүн мурастоого карабай, ага арттыруу укугу боюнча тийиштүү мурастан баш тартууга укуктуу.

3. Мураскор мурастан баш тартканда, ал андан керээз боюнча же мыйзам боюнча мураскорлордун ичинен башка адамдардын пайдасына баш тарткандыгын көрсөтүүгө укуктуу.

4. Ушул статьяда каралган учурлардан тышкарыда, эскертүүлөр менен же шарт коюу менен мурастын бир бөлүгүнөн баш тартууга, мурастан баш тартууга жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [1156-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1156)  
Кийинки берене: [1158-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1158)
