1157-статья. Мурастан баш тартуу укугуна чек коюу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 63-Глава
1. Эгер мураскор мурастоого керээз боюнча да, мыйзам боюнча да чакырылса, ал бул негиздердин бири боюнча же экөө тең боюнча ага тийиштүү мурастан баш тартууга укуктуу.
2. Мураскор мурастын калган бөлүгүн мурастоого карабай, ага арттыруу укугу боюнча тийиштүү мурастан баш тартууга укуктуу.
3. Мураскор мурастан баш тартканда, ал андан керээз боюнча же мыйзам боюнча мураскорлордун ичинен башка адамдардын пайдасына баш тарткандыгын көрсөтүүгө укуктуу.
4. Ушул статьяда каралган учурлардан тышкарыда, эскертүүлөр менен же шарт коюу менен мурастын бир бөлүгүнөн баш тартууга, мурастан баш тартууга жол берилбейт.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1157-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-1157" title="1157-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>