# 1156-статья. Мурастан баш тартуу укугу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 63-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1156>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1156.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1156-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1156

---

1. Мураскор мурастоого өзүнүн чакырылгандыгы жөнүндө билген же билүүгө тийиш болгон күндөн тартып, алты айдын ичинде мурастан баш тартууга укуктуу. Жүйөлү себептер болгондо бул мөөнөт сот тарабынан узартылышы мүмкүн, бирок ал эки айдан ашпайт.

2. Мурастан баш тартуу мураскор тарабынан мурас ачылган жерде нотариуска арыз берүү аркылуу жасалат.

Эгерде ишеним катта мындай баш тартууга ыйгарым укуктуулук атайын каралса, мурастан өкүл аркылуу баш тартылышы мүмкүн.

3. Мурастан баш тартуу кийин жокко чыгарылышы же кайра алынышы мүмкүн эмес.

4. Мураскор, ага бул үчүн берилген мөөнөт өткөндө мурастан баш тартуу укугунан ажырайт. Эгерде ал иш жүзүндө мураска калган мүлктү ээлесе же аны тескесе, же бул мүлккө карата анын укугун ырастоочу документтерди алуу үчүн кайрылса, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин да, бул укуктан ажырайт.

---

Мурунку берене: [1155-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1155)  
Кийинки берене: [1157-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1157)
