# 1153-1-статья. Мурасты кабыл алууга укуктун өтүшү (мурастык трансмиссия)

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 63-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1153-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1153-1-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1153-1

---

1. Эгерде керээз боюнча жана (же) мыйзам боюнча мурастоочу болуп таанылган мураскор мурас ачылгандан кийин аны aлууга үлгүрбөстөн өлсө, ага тиешелүү болгон мурастык үлүштү алуу укугу мыйзам боюнча анын мураскорлоруна, ал эми эгерде мурасталган баардык мүлк керээзге калтырылса - керээз боюнча анын мураскорлоруна өтөт (мурастык трансмиссия). Мурастык трансмиссия тартибиндеги мурасты кабыл алуу укугу андай мураскор өлгөндөн кийин ачылган мурастын курамына кирбейт.

2. Өлгөн мураскорго тиешелүү мурасты кабыл алуу укугу анын мураскорлору тарабынан жалпы негиздерде жүзөгө ашырылыш мүмкүн.

Эгерде мураскор өлгөндөн кийин мурасты кабыл алуу үчүн белгиленген мөөнөттүн калган бөлүгү үч айдан азды түзсө, ал үч айга чейин узартылат.

3. Мураскордун мурастын бир бөлүгүн милдеттүү үлүш катары (1149-cтатья) кабыл алуу укугу анын мураскорлоруна өтпөйт.

(КР 2014-жылдын 3-июлундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1153-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1153)  
Кийинки берене: [1154-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1154)
