# 1149-статья. Мурастагы милдеттүү үлүшкө карата укуктуулук

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 54-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112297)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281644..1281645>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1149>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1149.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1149-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1149

---

1. Мурас калтыруучунун балдары же эмгекке жарамсыз балдары, анын ичинде асырандылар, ошондой эле анын эмгекке жарамсыз жубайы жана ата-энеси, анын ичинде асырап алуучулар керээздин мазмунуна карабай, мыйзам боюнча мурас алууда (милдеттүү үлүш), алардын ар бирине тийиштүү боло турган үлүштүн үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмесин мураска алышат.

2. Милдеттүү үлүшкө, мындай үлүшкө укугу бар мураскор кандайдыр бир негиз боюнча мурастан алгандардын бардыгы, анын ичинде кадыресе үй-оокаттарынан турган мүлктүн наркы жана керээздик баш тартуунун мындай мураскорунун пайдасына белгиленген нарк кошуп эсептелет.

3. Мураста милдеттүү мүлккө укугу бар мураскор үчүн керээзде белгиленген ар кандай чектөөлөр жана милдет жүктөөлөр мүлктүн ага өткөн бөлүгүнүн милдеттүү үлүштөн ашкан жагына гана карата колдонулат.

(КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32, 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1048-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1048)  
Кийинки берене: [1050-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1050)
