# 1148-статья. Мурас калтыруучунун ишке жарамсыз багуусундагылар

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 62-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1148>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1148.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1148-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1148

---

1. Мурас калтыруучунун өлүмүнө чейин бир жылдан кем эмес анын багуусунда болушкан жана аны менен чогуу жашашкан эмгекке жарамсыз адамдар мыйзам боюнча мураскорлордун катарына кирет. Мыйзам боюнча башка мураскорлор боюнча алар мурас алууга чакырылган кезектеги мураскорчулар менен бирге мурас алышат.

2. Ушул Кодекстин 1143-1145-статьяларында көрсөтүлгөн, бирок мурас алууга чакырылган кезектеги мураскорлордун чөйрөсүндө кирбеген мыйзам боюнча мураскорлордун катарына таандык болгон эмгекке жарамсыз адамдар, эгерде мурас калтыруучунун өлүмүнө чейин бир жылдан кем эмес анын багусунда болушса, алар мурас калтыруучу менен чогуу жашаган-жашабагандыгына карабай, ошол кезектеги мураскорлор менен бирге мурас алышат.

3. Ушул статьянын негизинде мурас алууга чакырылган адамдар мыйзам боюнча башка мураскорлор болгондо, бардыгы биригип мурастын бир чейрегинен ашпаганын мураска алышат.

1149-статья. Мурастагы милдеттүү үлүшкө карата укуктуулук

1. Мурас калтыруучунун жашы жетпеген же эмгекке жарамсыз балдары, анын ичинде асырандылар, ошондой эле анын эмгекке жарамсыз жубайы жана ата-энеси, анын ичинде асырап алуучулар керээздин мазмунуна карабай, мыйзам боюнча мурас алууда (милдеттүү үлүш), алардын ар бирине тийиштүү боло турган үлүштүн үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмесин мураска алышат.

2. Милдеттүү үлүшкө, мындай үлүшкө укугу бар мураскор кандайдыр бир негиз боюнча мурастан алгандардын бардыгы, анын ичинде кадыресе үй-оокаттарынан турган мүлктүн наркы жана керээздик баш тартуунун мындай мураскорунун пайдасына белгиленген нарк кошуп эсептелет.

3. Мураста милдеттүү мүлккө укугу бар мураскор үчүн керээзде белгиленген ар кандай чектөөлөр жана милдет жүктөөлөр мүлктүн ага өткөн бөлүгүнүн милдеттүү үлүштөн ашкан жагына гана карата колдонулат.

(КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 191 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1147-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1147)  
Кийинки берене: [1150-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1150)
