Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1148-статья. Мурас калтыруучунун ишке жарамсыз багуусундагылар
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 62-Глава
1. Мурас калтыруучунун өлүмүнө чейин бир жылдан кем эмес анын багуусунда болушкан жана аны менен чогуу жашашкан эмгекке жарамсыз адамдар мыйзам боюнча мураскорлордун катарына кирет. Мыйзам боюнча башка мураскорлор боюнча алар мурас алууга чакырылган кезектеги мураскорчулар менен бирге мурас алышат.
2. Ушул Кодекстин 1143-1145-статьяларында көрсөтүлгөн, бирок мурас алууга чакырылган кезектеги мураскорлордун чөйрөсүндө кирбеген мыйзам боюнча мураскорлордун катарына таандык болгон эмгекке жарамсыз адамдар, эгерде мурас калтыруучунун өлүмүнө чейин бир жылдан кем эмес анын багусунда болушса, алар мурас калтыруучу менен чогуу жашаган-жашабагандыгына карабай, ошол кезектеги мураскорлор менен бирге мурас алышат.
3. Ушул статьянын негизинде мурас алууга чакырылган адамдар мыйзам боюнча башка мураскорлор болгондо, бардыгы биригип мурастын бир чейрегинен ашпаганын мураска алышат.
1149-статья. Мурастагы милдеттүү үлүшкө карата укуктуулук
1. Мурас калтыруучунун жашы жетпеген же эмгекке жарамсыз балдары, анын ичинде асырандылар, ошондой эле анын эмгекке жарамсыз жубайы жана ата-энеси, анын ичинде асырап алуучулар керээздин мазмунуна карабай, мыйзам боюнча мурас алууда (милдеттүү үлүш), алардын ар бирине тийиштүү боло турган үлүштүн үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмесин мураска алышат.
2. Милдеттүү үлүшкө, мындай үлүшкө укугу бар мураскор кандайдыр бир негиз боюнча мурастан алгандардын бардыгы, анын ичинде кадыресе үй-оокаттарынан турган мүлктүн наркы жана керээздик баш тартуунун мындай мураскорунун пайдасына белгиленген нарк кошуп эсептелет.
3. Мураста милдеттүү мүлккө укугу бар мураскор үчүн керээзде белгиленген ар кандай чектөөлөр жана милдет жүктөөлөр мүлктүн ага өткөн бөлүгүнүн милдеттүү үлүштөн ашкан жагына гана карата колдонулат.
(КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 191 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
- 1143-статья
- 1144-статья
- 1145-статья. Мурас калтыруучунун ишке жарамсыз багуусундагылар
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-1148" title="1148-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>