# 1145-статья. Кийинки кезектердеги мураскорлор

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 62-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июля 2014 года № 111 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205332)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281631..1281632>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1145-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1145

---

1. Эгерде биринчи, экинчи жана үчүнчү кезекте мураскорлор жок болсо, мурас калтыруучунун мурунку кезектеги мураскорлоруна кирбеген үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи даражадагы туугандары мыйзам боюнча мурастоо укугун алышат.

Тууганчылыктын даражасы туугандарды бири-биринен ажыраткан төрөлүүлөрдүн саны менен аныкталат. Мурас калтыруучунун өзүнүн төрөлүшү бул санга кирбейт.

2. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык мурастоого төмөнкүлөр чакырылат:

төртүнчү кезектеги мураскорлор катары - тууганчылыктын үчүнчү даражадагы туугандары - мурас калтыруучунун чоң атасынын-таятасынын аталары, чоң энесинин-таенесинин энелери; бешинчи кезектеги мураскорлор катары - тууганчылыктын төртүнчү даражадагы туугандары - мурас калтыруучунун бир тууган ага-инилеринин жана эже-карындаштарынын балдары (бир туугандарынын неберелери жана жээндери) жана анын чоң ата-таятасынын жана чоң эне-таенесинин бир тууган ага-инилери жана эже-карындаштары (бир ата өткөн чоң ата-таяталары жана чоң эне-таенелери); алтынчы кезектеги мураскорлор катары - тууганчылыктын бешинчи даражадагы туугандары - мурас калтыруучунун аталаш-энелеш неберелеринин балдары (бир туугандарынын чөбөрөлөрү), анын бир ата өткөн ага-инилеринин жана эже-карындаштарынын балдары (бир ата өткөн неберелери жана жээндери) жана анын бир ата өткөн чоң ата-таятасынын жана чоң эне-таенесинин балдары (бир ата өткөн агалары жана таэжелери).

3. Эгерде мурунку кезектеги мураскорлор жок болсо, мыйзам боюнча жетинчи кезектеги мураскорлор катары мурас калтыруучунун өгөй балдары, өгөй атасы жана өгөй энеси чакырылат.

(КР 2014-жылдын 3-июлундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1144-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1144)  
Кийинки берене: [1146-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1146)
