# 1141-статья. Жалпы жоболор

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 62-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1141-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1141

---

1. Мыйзам боюнча мураскорлор мурас алууга ушул Кодекстин 1142-1146-статьяларында каралгандай, кезектик тартипте чакырылышат.

2. Мыйзам боюнча мурас алууда бир тараптан алганда, асыралып алынган жана анын укум-тукуму, экинчи тараптан алганда, асырап алуучу жана анын туугандары кандаш туугандарга теңештирилишет.

Асыралып алынгандар жана алардын укум-тукумдары мыйзам боюнча асырап алынгандын ата-энеси өлгөндөн кийин, анын ата-тектик жагындагы башка кандаш тугандарынын мураскору болушпайт. Асыралып алынгандын ата-энеси жана анын ата-теги жагынан башка кандаш туугандары мыйзам боюнча асыралып алынган өлгөндөн кийин анын укум-тукумунун да мураскорлору боло алышпайт.

3. Мыйзам боюнча ар бир кийинки кезектеги мураскорлор мурдагы кезектеги мураскорлор жок болгон учурда мурастоого, аларды мурастан четтетүүгө же андан баш тартууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [1140-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1140)  
Кийинки берене: [1142-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1142)
