# 1140-статья. Милдеттерди жүктөө

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 61-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1140-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1140

---

1. Керээз калтыруучу керээз боюнча мураскорго, кандайдыр бир аракетти жасоо же андан баш тартуу милдетин, кредитор катары бул милдетти аткарууну талап кылуу укугун эч кимге бербестен жүктөшү мүмкүн. Жалпы пайдалуу максатты жүзөгө ашыруу үчүн мурас калтыруучу тарабынан жүктөлгөн милдетти аткаруу үчүн мүлктүн бир бөлүгүн бөлүп берүү менен ушундай эле милдет керээзди аткаруучуга жүктөлүшү мүмкүн.

2. Заты мүлктүк мүнөздөгү аракеттер болуп саналган милдеттерди жүктөөгө карата тийиштүү түрдө ушул Кодекстин 1139-статьясында камтылган эрежелер колдонулат.

3. Эгерде ушул Кодекске ылайык мурастын, жүктөлгөн милдетти аткаруу милдети тагылган мураскорго тийиштүү же таандык үлүшү башка мураскорлорго өтсө, жүктөлгөн милдетти аткаруу милдети токтотулат.

---

Мурунку берене: [1139-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1139)  
Кийинки берене: [1141-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1141)
