# 1139-статья. Керээздик баш тартуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 61-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1139.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1139-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1139

---

1. Керээз калтыруучу керээз боюнча мураскорго мурастын эсебинен, керээздик баш тартууну аткарууга талап кылуу укугуна ээ болушкан бир же бир нече жактардын (баш тартуу алуучулардын) пайдасына кандайдыр бир милдеттенмени (керээздик баш тартууну) аткаруу милдетин жүктөшү мүмкүн.

Мыйзам боюнча мураскорлордун санына кирген да, кирбеген да адамдар баш тартуу алуучулар болушу мүмкүн.

2. Керээздик баш тартуунун заты баш тартуу алуучуга мурастын курамына кирген буюмду же башка буюмдук укукту берүү, мурастын курамына кирбеген мүлктү сатып алуу жана ага берүү, ал үчүн белгилүү бир ишти аткаруу, ага белгилүү бир кызмат көрсөтүү жана башка ушул сыяктуулар болушу мүмкүн.

3. Керээз калтыруучу тарабынан керээздик баш тартууну аткаруу милдети жүктөлгөн мураскор, аны мурас калтыруучунун карыздарынын өзүнө тийиштүү бөлүгүн чыгарып салгандан кийин, ага өткөн мурастын чыныгы наркынын чектеринде гана аткарууга тийиш.

Эгерде, керээздик баш тартуу жүктөлгөн мураскор мураста милдеттүү үлүш укугуна ээ болсо, анын баш тартууну аткаруу милдети, ага өткөн мурастын, анын милдеттүү үлүшүнүн өлчөмүнөн ашкан наркынын чектери менен чектелет. Эгерде керээзде башкача каралбаса, керээздик баш тартуу бардык же бир нече мураскорлорго жүктөлгөн учурларда, баш тартуу алардын ар бирине анын мурастагы үлүшүнө ченемдүү жүктөлөт.

4. Турак үй, батир же башка турак-жай тийген мураскорго керээз калтыруучу бул турак-жайды же анын белгилүү бир бөлүгүн башка адамдын өмүр бою пайдалануусуна берүү милдетин жүктөөгө укуктуу. Турак-жайга карата менчик укугу кийин башкага өткөндө өмүр бою пайдалануу укугу күчүн сактап алат.

Турак-жайды өмүр бою пайдалануу укугу ажыратылбайт, берилбейт жана баш тартуу алуучунун мураскорлоруна өтпөйт. Баш тартуу алуучуга берилген, турак-жайды өмүр бою пайдалануу укугу, эгерде керээзде башкача каралбаса, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоосу үчүн негиз болуп саналбайт.

5. Керээздик баш тартуу жүктөлгөн мураскор өлгөн учурда же ал мурас албаган учурда керээздик баш тартууну аткаруу анын үлүшүн алышкан башка мураскорлорго же эгерде мүлк ээсиз-ээликсиз калса, мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өтөт.

Баш тартуу алуучу мурас ачылганга чейин же мурас ачылгандан кийин, бирок керээз боюнча мураскор аны алып үлгүргөнгө чейин өлгөн учурда керээздик баш тартуу аткарылбайт.

6. Баш тартуу алуучу мурас калтыруучунун карыздары үчүн жооп бербейт.

---

Мурунку берене: [1138-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1138)  
Кийинки берене: [1140-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1140)
