# 1137-статья. Керээздин жараксыздыгы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 61-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1137-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1137

---

1. Тиешелүү түрдө түзүлбөгөн керээз жараксыз. Керээздин жараксыздыгы Кодекстин бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жөнүндө эрежелерине да негизделет.

2. Керээз ушул Кодекс тарабынан белгиленген керээзди түзүүнүн, ага кол коюунун жана аны ырастоонун тартибин бузуунун айынан керээздин анык эмес деп табылышы мүлктүк натыйжалары бар адамдын доосу боюнча жараксыз деп табылышы мүмкүн.

3. Керээзде камтылган айрым тескемелердин жараксыздыгы керээздин калган бөлүгүнүн жараксыздыгына тиешеси болбойт.

4. Кийинки керээз сот тартибинде жараксыз деп табылганда, мурдагы керээз калыбына келтирилет.

5. Керээз жараксыз деп табылган учурда ал керээз боюнча мурастан айрылган мураскор жалпы негиздерде мурастоо укугун алат.

---

Мурунку берене: [1136-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1136)  
Кийинки берене: [1138-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1138)
